Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кезектеги аппараттык жыйында Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисине кайрылып, муниципалитет тарабынан бекитилген дизайн-код ишкерлерге акысыз берилүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Шаар башчысы дизайн-кодду иштеп чыгуунун негизги максаты борбор калаанын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандыруу болгонун белгиледи.
«Биз Бишкек шаарынын дизайн-кодун иштеп чыкканда демилгечи мэрия болгон. Максатыбыз – борбор калаанын сырткы көрүнүшүн бирдиктүү архитектуралык стилге келтирүү эле. Бирок бүгүнкү күндө дизайн-код Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилип, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечимдер кабыл алынгандан кийин, бул айрым түзүмдөр үчүн бизнеске айланып калгандай көрүнөт.
Түз эфир учурунда шаар тургундары: “Эмне үчүн дизайн-кодду алуу же объектибиздин сырткы көрүнүшү кандай талаптарга жооп бериши керек экенин билүү үчүн 100 миң сом төлөшүбүз керек?” деген суроону беришти. Эгерде бул эрежелерди муниципалитет өзү иштеп чыгып, бекиткен болсо, анда эмне үчүн аларды берүү үчүн жарандардан акча алынууда?» – деди Айбек Джунушалиев.
Мэр Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына бекитилген дизайн-коддорду жарандарга жана ишкерлерге акысыз берүүнү камсыздоону тапшырды.
«Ар бир бекитилген дизайн-код тиешелүү тартипте даярдалып, кайрылган жаранга берилүүгө тийиш. Бул үчүн бир да сом алынбашы керек. Мэрия тарабынан бекитилген эрежелерди берүү үчүн акча талап кылууга жол берилбейт. Мындай талаптар тургундарга кошумча түйшүк жаратууда. Дизайн-коддор иштелип чыгып, бекитилип, андан соң акысыз берилүүгө тийиш. Ошондон кийин ишкерлер өз объектилерин белгиленген талаптарга ылайыкташтыра алышат», – деп белгиледи калаа башчысы.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилди. Эгерде мыйзамсыз акча өндүрүү же башка мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.


