Свердлов районунда Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көлмөнүн айланасын көрктөндүрүү иштери уланууда. Көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар мэри Айбек Джунушалиев гүлдөп турган лотосторго өзгөчө көңүл бурду.
Буга чейин КР ӨКМ тарабынан аймакты санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда «Кызыл Тоо» ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан көлдүн түштүк бөлүгүн көрктөндүрүү иштери аткарылууда: 51 түп арча отургузулуп, отургучтарды орнотуу уланууда, ошондой эле тротуардын таман таштарын жана бордюр таштарын төшөө иштери жыйынтыкталды.
Мындан тышкары, көлдү жээктей өтүүчү жөө адамдар жолуна асфальт төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери аткарылды. Аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери улантылууда.





