2026-жылдын 3-августунда борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында пландалган кеңешме болуп өттү.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, төрт райондук администрациянын башчылары, шаардык башкармалыктардын жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.
Борбор калаанын башчысы тапшырмалардын аткарылышына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Мен берген тапшырмалардын алкагында текшерүүлөрдү жүргүзүп, ар бир жетекчинин ишине баа бериңиздер. Белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын талдап чыгыңыздар. Көбүнчө мөөнөттөр бузулуп, тапшырмалар аткарылбай калууда. Биз көптөгөн шылтоолорду угабыз, бирок жыйынтык жок. Ар бир маселенин чечилиши созулуп кетет. Жумушка болгон талаптар күндөн-күнгө өсүүдө, аткарыла турган милдеттердин көлөмү көбөйүүдө. Же иштеш керек, же ээлеген кызматты бошотуу керек», — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.
Мэр коюлган тапшырмалардын аткарылышынын жыйынтыгын эске алуу менен ар бир жетекчи боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) иш-чараларына даярдык көрүүнүн алкагында, калаа башчысы мэрдин орун басарларына оңдолуп жаткан көчөлөрдү көзөмөлдөөнү бекитүү жана аларды комплекстүү көрктөндүрүүнү камсыз кылуу милдетин койду.
Ошондой эле мэр Айбек Джунушалиев аялдама комплекстерине өзгөчө көңүл бурду. Ал аялдамаларды орнотуу жана көрктөндүрүү боюнча иштердин темпин жана сапатын сынга алып, башталган долбоорлорду аягына чыгарууну жана бул маселени биротоло чечүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Мындан сырткары, төрт административдик райондун башчыларына өзүм билемдик менен иштеп жаткан объекттерди, өзгөчө шаарды көрктөндүрүү эрежелери жана коопсуздук талаптары сакталбаган жайларды демонтаждоо иштерин күчөтүү тапшырылды.
Жыйындын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысы баяндама жасап, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгын сунуштады. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган мезгилде мыйзамсыз орнотулган 6 163 объект демонтаждалган.
Мэр Айбек Джунушалиев башкармалыктын ишинин оң жыйынтыктарын белгилөө менен бирге, иштин негизги көрсөткүчү түзүлгөн протоколдордун саны же өндүрүлгөн айып пулдардын көлөмү эмес, шаардагы тартиптин чыңдалышы жана шаар келбетиндеги оң өзгөрүүлөр болушу керектигин баса белгиледи.
«Эң башкысы — айып пулдардын суммасы же бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү эмес, тургундардын арасында коомдук тартипти сактоо маданиятын калыптандыруу. Бир жолу айып пул төлөгөн адам өз жоопкерчилигин түшүнүп, мындан ары мындай мыйзам бузууларга жол бербеши керек», — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.







