Ленин районунун «Алтын Ордо» конушунда «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы тарабынан тогуз көчөгө тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери аяктады.

Жарыктандыруу Аян, Сары-Өзөн, Керемет, Нурислам, Нурзаман, Ак-Шоола, Сулайман-Тоо, Ак-Нур жана Баян көчөлөрүнө орнотулду.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында СИП 4×16 үлгүсүндөгү өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды колдонуу менен 5 000 метр электр менен камсыздоо линиясы тартылып, ошондой эле кубаттуулугу 50 Вт болгон 109 заманбап диод чырактары орнотулду.

Бул долбоорду ишке ашыруу конуштун көчөлөрүн сапаттуу тышкы жарык менен камсыз кылууга, жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле кечки убакта тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.Жумуштар Ленин районунун аймагын көрктөндүрүү жана инженердик инфратүзүмүн өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында аткарылды.