Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоору улантылууда.
Курулуш-монтаж иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 5-августунан тартып шаардын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына этап-этабы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:
* Анкара көчөсүндө, «Глобус» соода борборунун жанында;
* Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
* 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
* Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;
* Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);
* Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Долбоордун ишке ашырылышы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатып, жол кырсыктарынын тобокелдигин азайтууга, көчө-жол тармагынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат.