Свердлов районунун жашоочулару үчүн  коопсуз чөйрөнү түзүүнүн  алкагында «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» жаңы конуштарынын борбордук көчөлөрүндө сырткы жарыктандыруу системасын тартуу жана заманбап чырактарды орнотуу жумуштары толугу менен аяктады.

Долбоордун алкагында төмөнкүдөй масштабдуу иштер аткарылды:
«Нуркожо-Ата» жаңы конушунда борбордук көчөгө кубаттуулугу 100 Вт түзгөн 56 даана заманбап LED чырак орнотулуп, 1 708 метр жерге СИП 4×16 үлгүсүндөгү коопсуз электр зымы тартылды.

«Адилет» жаңы конушунда борбордук көчөнүн боюна 100 Вт кубаттуулуктагы 15 даана чырак коюлуп, 656 метр узундуктагы жерге СИП 4×16 зымы тартылып бүткөрүлдү.

Орнотулган заманбап LED чырактар электр энергиясын үнөмдөө менен бирге, түнкүсүн көчөлөрдү сапаттуу жарыктандырууну камсыз кылат. Ал эми СИП зымдары аба ырайынын ар кандай катаал шарттарына чыдамдуу келип, авариялык абалдардын алдын алат.