Бүгүн, 2026-жылдын 4-августунда, Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Куруучулар күнүнө карата салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет эмгеги, өз ишине берилгендиги жана борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«Бүгүнкү күндө Бишкек шаары күн сайын өнүгүп, көркүнө көрк кошулуп жатат. Бул жакшы өзгөрүүлөрдүн артында сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана талыкпаган эмгегиңиздер турат. Дал ушул сиздердин чеберчилигиңиздердин аркасында ири долбоорлор ишке ашырылып, борбор калаанын заманбап көрүнүшү калыптанып, анын мындан аркы өнүгүшү үчүн бекем шарттар түзүлүүдө», — деп белгиледи мэрдин орун басары.
Салтанат учурунда муниципалдык түзүмдөрдүн, шаардык кызматтардын жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык каттар, Ардак грамоталар жана баалуу белек - кол сааттар жана Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси тапшырылды.









