Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар тургундарын туруктуу негизде жеке кабыл алып, ошондой эле шаар тургундары менен көчмө жолугушууларды өткөрүп келет. Иштин мындай формасы шаардыктарга шаарды өнүктүрүүгө жана жашоо сапатын жогорулатууга тиешелүү суроолор, сунуштар жана демилгелер менен муниципалдык органдын башчысына түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.
2026-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин мэр жеке кабыл алууларда борбор калаанын 600дөн ашык тургунун кабыл алды. Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, аймактарды көрктөндүрүү, турмуш-тиричилик, коммуналдык чарба, жолдорду оңдоо жана куруу, коомдук транспорттун иши, ошондой эле шаардык маанидеги башка актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Жеке кабыл алууларда видеоконференцбайланыш форматында райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери да катышышат. Бул жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого, профилдик бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн координациялоого жана зарыл чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.
Ар бир кайрылуу боюнча шаар мэри Айбек Джунушалиев профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, бардык маселелер ар тараптуу, калыс жана белгиленген мөөнөттө каралууга тийиш экенин баса белгиледи.
Бишкек шаарынын мэринин жеке кабыл алуусуна Чүй проспекти, 168 дареги боюнча тиешелүү арыз менен №117-кабинетке келип жазылууга болот.
Мындан тышкары, муниципалитет башчысы борбор калаанын бардык райондорунда калк менен көчмө жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында көчмө иш-чаралардын алкагында тургундар менен 22 жолугушуу өткөрүлдү.
Ошондой эле борбор калаанын төрт районунда өткөрүлгөн сегиз жолугушууга 3 370 шаар тургуну катышты. Бул жолугушуулардын жыйынтыгы менен 1 102 жарандан 1 704 кайрылуу келип түшүп, алардын ар бири тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан ишке алынды.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен ачык диалогду камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди улантып, жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого жана шаарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурат.









