Узакка созулган эс алуу күндөрүнүн алдында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жеткиликтүү туристтик сунуштарга мониторинг жүргүзүп, эс алуунун мүмкүн болгон варианттарынын бири тууралуу маалымдайт.
2026-жылдын 25-августунан 10-сентябрына чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору PEGAS Trip туристтик компаниясынын атайын сунушунан пайдаланып, популярдуу туристтик багыттарга 10 пайыздык арзандатуу менен саякаттай алышат.
Акциянын алкагында төмөнкү турлар сунушталат:
Сары-Челек;
Соң-Көл;
Кел-Суу;
Ат менен тур;
Алматы (1 күн);
Алматы (2 күн).
Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз, досторуңуз же кесиптештериңиз менен убакытты бирге өткөрүп, Кыргызстандын кооз жаратылыш аймактарын көрүп, чакан саякатка чыгуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Турлар тууралуу кеңири маалымат алуу жана алдын ала орун брондоо үчүн: тел.: +996 504 160 623
Instagram: @pegas_trip
Арзандатуу алуу үчүн промокод: bishkek-vik.
Бишкек шаарынын мэриясы дем алыш күндөрүндө убакытты кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүнүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрү тууралуу борбор калаанын тургундары менен конокторун мындан ары да маалымдап турат. Ар бир адам өз кызыгуусуна ылайык эс алуу түрүн тандай алышы.