Борбор калаада  көчө-жол тармагын калыбына келтирүү программасын ишке ашыруу иштери  улантылууда.

Бүгүнкү күндө жалпы 120 объектте оңдоо иштери башталды. Алардын ичинен 99у – автоунаа жолдору, ал эми 21и – тротуарлар. Ошол эле учурда 56 объектте иштер толугу менен аяктады. Алардын ичинен 43ү – жол тилкелери, 13ү – тротуарлар.

Оңдоо иштери шаардын бардык төрт районунда жүргүзүлүүдө:

Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, анын 5 объектиси толук бүткөрүлдү;
Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилди;
Биринчи Май районунда 20 көчөдө иштер жүргүзүлүп, алардын 13ү аяктады;
Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.

Ошондой эле тиешелүү муниципалдык кызматтар тарабынан да олуттуу көлөмдө иштер аткарылууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти 22 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Алардын ичинен 3 объектте иштер аяктады. Мындан тышкары, унаалар үчүн оңго бурулуу тилкесинин эки участогу курулуп бүтүп, дагы эки участокто курулуш иштери уланууда.

Ал эми «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 19 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп, алардын 12синде иштерди толук бүтүрдү. Ошол эле учурда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы өзүнүн өндүрүштүк программасынын алкагында эки көчөдө тиешелүү иштерди аткарууда.

Жол инфратүзүмүн комплекстүү калыбына келтирүү долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Аталган программага  киргизилген көчөлөрдүн толук тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

ТИЗМЕ