«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра улоо жумуштары жүргүзүлөрүн кабарлайт.
Буга байланыштуу 2026-жылдын 6-августунда саат 08:30дан 20:30га чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
Турак үйлөр:
* Тоголок Молдо көч.: № 21, 23, 23а, 23б, 25;
* Логвиненко көч.: № 28/1, 32, 53, 55, 57, 59;
* Фрунзе көч.: № 475, 495, 497, 499;
* Панфилов көч.: № 188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241;
* Жибек Жолу проспектиси: № 328, 346;
* Орозбеков көч.: № 112, 114, 116, 122.
Административдик жана социалдык объекттер:
* Тоголок Молдо көч., 21а — Финансылык чалгындоо кызматы;
* Логвиненко көч., 30 — № 3 төрөткана;
* Логвиненко көч., 30/1 — № 3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ);
* Жибек Жолу проспектиси, 348 — Акимиат.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИ тургундарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.