Бүгүн, 2026-жылдын 5-августунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы билим берүү мекемелерин жана жол-транспорт инфраструктурасынын объектилерин кыдыруу аркылуу алардын курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.
Алгачкы текшерилген объект №57 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда демонтаж иштери толугу менен аяктап, чатырын жабдуу, ички дубалдарды шыбоо жана фасаддын темир каркасын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Шаар башчысы курулуш иштерин жүргүзүүдө балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу эң башкы орунда турушу керектигин белгилеп, мектептин учурдагы тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну тапшырды.
Экинчи объект катары Жаш Гвардия бульвары менен Шабдан Баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук түйүндүн жана көпүрөнүн курулушу каралды. Азыркы учурда подрядчы уюм келечектеги транспорттук түйүндүн тирөөчтөрүн куруу иштерин аткарууда.
Мэр жээкти бекемдөө иштери менен катар дарыя боюнда шаар тургундары үчүн сейилдөө жана эс алуу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле подрядчы уюмга кошумча жумушчу күчтөрдү тартуу жана курулуштун темпин тездетүү, ал эми райондук администрациянын башчысына иштердин жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Үчүнчү объект болуп №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу текшерилди. Бул жерде темир-бетон каркасы тургузулуп, дубалдары кыш менен тургузулуп, электр монтаждоо иштери аяктаган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери уланууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы бала бакчанын тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну, имараттын чатырын жаңылоо маселесин иштеп чыгууну жана курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды.
Төртүнчү объект катары Ала-Арча көчөсүнүн Аалы Токомбаев проспектинен Муром көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн курулушу текшерилди.
Бешинчи объект Муром көчөсү болду. Бул жерде Аалы Токомбаев проспектинен Гагарин көчөсүнө чейинки тилкеде курулуш иштери жүрүп жатат. Шаар мэри аймакты көрктөндүрүү иштерине комплекстүү мамиле жасап, жол курулушу менен катар жеке турак жайлардын тосмолорун бирдиктүү архитектуралык стилде жаңылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Алтынчы объект Магистралдык көчө болду. Бул жерде капиталдык оңдоонун алкагында жолдун негизин даярдоо, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Шаар башчысы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган бардык объектилерге тиешелүү эскертмелерди берүүнү тапшырды.
Жетинчи объект №58 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде аймакты комплекстүү көрктөндүрүү иштери уланууда. Долбоордун алкагында мини-футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар ойноочу аянтчалары курулуп, тышкы жарыктандыруу, коопсуз жабуусу бар чуркоо жолдору жасалат. Мындан тышкары тротуарлар калыбына келтирилип, аймак жашылдандырылат.
Мэр курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү, ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгына долбоордун сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
Жумушчу сапардын акыркы, сегизинчи объектиси Иманалиев көчөсүнүн курулушу болду. Бул объект боюнча шаар башчысы мурда да курулушту тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Учурда бул жерде суу түтүк тармактарын куруу иштери жүрүп жатат. Инженердик тармактар бүткөндөн кийин жаңы жол катмарын жана тротуарларды куруу пландалууда. Подрядчы уюмга кошумча күчтөрдү тартуу жана курулуш иштерин ылдамдатуу тапшырмасы берилди.
Жумушчу сапардын жыйынтыгында жол жана социалдык инфраструктуранын 10 чакырымдан ашык бөлүгү текшерилди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бардык курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана буга чейин берилген бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү милдеттендирди.






























