Бүгүн, 2026-жылдын 6-августунда, VIII Кыргыз-Орус экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Орус аймактар аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Россия Федерациясынын Нижний Новгород шаарынын ортосундагы достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдин документтерин алмашуу аземи өттү.

Келишимге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Нижний Новгород шаарынын мэри Юрий Шалабаев кол коюшту.

Бишкек шаарынын мэринин атынан документтерди алмашуунун расмий аземине мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты. Азем Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.

Келишим шаарлардын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Бул документ тажрыйба алмашууну, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну жана эки шаардын муниципалдык бийлик органдарынын, мекемелеринин жана бизнес коомчулуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн негизи болуп кызмат кылат.

VIII Кыргыз-Орус экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Орус аймактар аралык конференциясы 2026-жылдын 5–7-августунда «Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар» жана «Кыргызстан 2030: аймактардын өнөктөштүгү» темаларында өтүп жатат.