Борбор калааны көрктөндүрүү жана анын архитектуралык келбетин жакшыртуу максатында Манас көчөсүнүн (Васильевский тракт) кире беришинде жаңы архитектуралык стеланын курулушу уланууда.
Стеланын негизги композициялык өзөгүн Кыргызстандын тоо чокуларын символдоштурган монументалдык архитектуралык форма түзөт. Анын чокусуна өлкөбүздүн улуттук символдорунун бири болгон ак илбирстин айкели орнотулат. Бул композиция эркиндикти, күчтү, кайраттуулукту, көз карандысыздыкты жана кыргыз элинин жаратылыш менен болгон ажырагыс байланышын чагылдырат.
Долбоор заманбап минималисттик стилде иштелип чыгып, кыргыздын улуттук оймо-чиймелеринин декоративдик элементтери менен толукталган.
Стеланын бийиктиги болжол менен 10 метрди түзөт. Ал эми ак илбирстин айкелинин узундугу болжол менен 3,5 метр, бийиктиги 3 метр болот. Көрктөндүрүлүүчү аймактын жалпы аянты 794,08 чарчы метрди түзөт.
Долбоордун алкагында аймакты комплекстүү көрктөндүрүү иштери каралган. Анын ичинде гранит жана декоративдик таш менен каптоо, жашылдандыруу, архитектуралык жарыктандыруу системасын орнотуу, улуттук орнаменттерди жайгаштыруу жана декоративдик ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлөт.
Учурда стеланын темир-бетон конструкциясын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта ак илбирстин айкелин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Айкел орнотулгандан кийин стеланын сырткы бөлүгү гранит плиталары менен капталып, андан соң аймакты көрктөндүрүү жана архитектуралык жарыктандыруу иштерин бүтүрүү пландаштырылууда.
Түнкү убакта стеланын жана анын декоративдик элементтери жанып турат, өзгөчө басым ак илбирстин айкелине жана тоо композициясына жасалат. Бул объектти күндүз гана эмес, кечки жана түнкү мезгилде дагы өзгөчө архитектуралык көркүн ачып, шаардын көрүнүшүнө көрк кошот.