Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ленин районунда жайгашкан №57 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Мектептин имараты 1962-жылы курулуп, 920 окуучуга ылайыкталган. Пайдаланууга берилгенден бери бул имаратта алгачкы жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө. 2025–2026-окуу жылында мектепте 1682 окуучу билим алган.
Бүгүнкү күндө объектте демонтаждоо иштери толугу менен аяктады. Учурда чатырды жабуу, дубалдарды шыбоо, имараттын фасадынын темир каркасын орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында инженердик тармактарды жаңылоо, имараттын ички жана сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле фасадын жана чатырын капиталдык оңдоо каралган.
Курулуш иштерин «Рим и Ко» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Капиталдык оңдоо иштерин 2026–2027-окуу жылынын башталышына чейин толук бүтүрүү пландаштырылууда. Объект пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар жана мугалимдер жамааты үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттары түзүлөт.