Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайдын жылуу кечтерин жандуу музыка жана жагымдуу маанай коштогон өзгөчө атмосферада өткөрүүгө чакырат.

7 жана 8-август күндөрү Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелер өтөт. Анда таланттуу ырчылар жана чыгармачыл топтор көрүүчүлөр үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашат. Конокторду кызыктуу концерттик программа жана ачык асман алдындагы жайкы майрамдын өзгөчө маанайы күтөт.

Музыкалык кечелерге үй-бүлөңүз, досторуңуз жана жакындарыңыз менен келип, жагымдуу чыгармалардан эргүү алып кетиңиз.

Бардык бишкектиктерди жана шаардын конокторун бул унутулгус жайкы музыкалык кечелердин катышуучусу болууга чакырабыз.