Узакка созулган эс алуу күндөрү шаардагы күнүмдүк түйшүктөн алыстап, тоолордун кооз жаратылышына суктанууга, таза абадан дем алып, жаңы таасирлерге ээ болууга сонун мүмкүнчүлүк.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 25-августтан 10-сентябрга чейинки туристтик сунуштар жана эс алуу варианттары менен тааныштырууну улантат.
Ушундай сунуштардын бири — Kapriz Travel туристтик компаниясынын атайын акциясы. Туроператор Кыргызстан боюнча жана коңшу өлкөлөргө уюштурулган бир күндүк жана бир нече күндүк экскурсиялык турларга 15 пайызга чейин арзандатууларды сунуштайт.
Каалоочулар кооз Ала-Арча жаратылыш паркына саякаттап, ат минип эс алуу туруна катышып, Асман көпүрөсүнө барып же термалдык булактарды камтыган турду тандай алышат. Ошондой эле багыттардын катарында Соң-Көл, Сары-Челек, Кел-Суу, Алтын-Арашан, Алматы, Ташкент, Түркстан, Самарканд жана Бухара шаарларына саякаттар бар.
Ар бир адам өз кызыгуусуна жараша бир күндүк кыска сапарды же бир нече күнгө созулган толук кандуу саякатты тандай алат.
Арзандатуудан пайдалануу үчүн турду алдын ала брондоодо bishkek-vik промокодун көрсөтүү зарыл. Турлар жана брондоо тууралуу кеңири маалыматты +996 508 100 210 телефон номери аркылуу же Instagram социалдык тармагындагы @kapriz_travel баракчасынан алууга болот.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары менен конокторун туристтик сунуштар жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мындан ары да маалымдап турат. Бул ар бир адамга өзүнө ылайыктуу маршрутту тандап, эс алуу күндөрүн кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө шарт түзөт.
