Бишкектин Ленин районунда үч фан-зона түзүлөт, ал жерден коноктор 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.

Фан-зоналар Фучик паркында, Ак-Өргө конушундагы "Ашар" скверинде жана Жал кичи районундагы "Муун" скверинде  жайгашкан.

Ар бир жерге LED экрандар орнотулат, бул конокторго түз эфирлерди достору жана үй-бүлөсү менен жайлуу атмосферада көрүүгө мүмкүндүк берет.

Расмий программанын башталышына чейин келген коноктор үчүн мазмундуу маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. Анда кыргыз эстрада ырчылары жана чыгармачыл жамааттар жагымдуу чыгармаларын тартуулап, тематикалык фотозоналар, көргөзмөлөр, эс алуу аянтчалары жана фуд-корттор кызмат кылат.

Улуттук маданиятка кызыккан коноктор тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу кыргыз элинин салттуу улуттук оюндарын ойноого катышып, бардык курактагы меймандар үчүн даярдалган башка да кызыктуу интерактивдүү иш-чараларга күбө боло алышат.