2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Курулуш-монтаж иштерине байланыштуу 2026-жылдын 9-августунда Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа  кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ошол эле күнү Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттун жүрүүсү үчүн кайрадан ачылат.

Айдоочулардан  убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, орнотулган жол белгилеринин талаптарын так сактоону өтүнөбүз.

Жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери шаарды жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.