2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине арналган иш-чаралардын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунда күйөрмандар үчүн атайын зоналар уюштурулат.
Фан-зоналар Тунгуч кичирайонундагы «Тунгуч-1» скверинде жана «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда жайгашат.
Аталган аянтчаларда LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2026 мелдештери түз эфирде көрсөтүлөт. Келген коноктор спорттук мелдештерди ыңгайлуу шартта жана майрамдык маанайда көрө алышат.
Шаар тургундары жана коноктору үчүн маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралардан турган бай программа даярдалды. Сахнада кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары өнөр көрсөтүп, музыкалык чыгармаларды аткарып, борбор калаанын тургундары менен конокторуна майрамдык маанай тартуулашат.
Кыргыз элинин улуттук маданиятына жана каада-салттарына өзгөчө көңүл бурулат. Күйөрмандар үчүн улуттук оюндар жана тематикалык иш-чаралар уюштурулуп, анда келгендер мелдештерди көрүү менен гана чектелбестен, кыргыз элинин салттуу оюндарына өздөрү да катыша алышат.
Мындан тышкары, аянтчаларда фуд-корттор, балдар жана чоңдор үчүн оюн-зоок зоналары иштейт.