«Бишкекжылуулуктармагы » муниципалдык ишканасы Чүй проспектиндеги жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра кошуу жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Аткарыла турган иштерге байланыштуу 2026-жылдын 11-августунда саат 09:00дөн 12-августунда саат 18:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
* Чүй проспекти, 97 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
* Чүй проспекти, 99 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү), (Туризм академиясы, «Алыш» социалдык шаарчасы);
* Чүй проспекти, 99/1 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
* Чүй проспекти, 99/2 (мурунку Шабдан Баатыр көчөсү);
* Гражданская көч., 43;
* Курманжан Датка көч., 47;
* Курманжан Датка көч., 136;
* Чүй проспекти, 105;
* Чүй проспекти, 107, 109 (№17 кесиптик лицей);
* Чүй проспекти, 26;
* Чүй көч., 28 (Свердлов акимиаты);
* Чүй проспекти, 111, 113, 115, 115А, 117, 119;
* Чүй проспекти, 42, 44 (КРСУ);
* Гражданская көч., 24 («Авента Строй» ЖЧКсы);
* Гражданская көч., 44 (бизнес-борбор).
«Бишкекжылуулуктармагы » МИ тургундарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.