31-августта Бишкек шаары эки ири эл аралык иш-чаранын борборуна айланат. Бул күнү 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин иш-чаралары өтөт.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Свердлов районунда үч фан-зона уюштурулуп, анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт.
Фан-зоналар төмөнкү даректерде жайгашат:
«Алга» спорт комплекси – Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
№66 орто мектеп – Чыгыш-5 кичи району, 1а;
№21 орто мектеп – 1-Энесай көчөсү, 1.
Ар бир аянтчага заманбап LED-экрандар орнотулуп, Дүйнөлүк көчмөндөр 2026 оюндары ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын жогорку сапатта түз эфирде көрсөтүүгө шарт түзүлөт.
Түз көрсөтүүнү көрүү менен катар келген коноктор үчүн маданий жана көңүл ачуучу программа даярдалат. Иш-чаранын алкагында кыргыз эстрада ырчыларынын, чыгармачыл топтордун концерттик программалары, тематикалык фотозоналар, көргөзмөлөр, фуд-корттор, эс алуу аймактары уюштурулат. Ошондой эле тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу улуттук оюндар жана башка кызыктуу интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт.