Бишкек шаарынын райондорунда Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.
Текшерүү иштерине райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Рейддердин алкагында борбор калаанын төрт районунда коомдук тамактануучу жайлар, анын ичинде «Сенатор», «Шахноза», «Flo Resto&Bar», «Sky Baku Steak House», «Nox», «Павлин Мавлин», «Soulist», «Империя пиццы», «Леопольд», «Мира», «Бахар», «Омар Хайям», «Бай Төр», «Улан Стейк», «АЯР», «Ырыскы», «Халва», «Нооруз», «Олимп», «Жалал-Абад», «COF», «CRAFT Запад», «Буль Жанг Гун», «Ариана», «MONARCH», «Мюнхен Паб», «Sushi Room», «Zira» жана башка объектилер текшерилди. Ошондой эле курулуп жаткан бир катар объектилер жана футбол аянтчалары текшерүүдөн өткөрүлдү.
Рейддердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган жок. Мекемелердин администраторлору жана жооптуу кызматкерлери менен мыйзамда белгиленген талаптарды жана тынчтык режимин сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» мыйзамына ылайык, жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин тынчтыкты сактоо зарылдыгын эскертет.









