Август айынын аягында жана сентябрь айынын башындагы дем алыш күндөрүнүн алдында борбор калаанын тургундары саякат сапарларга жана эс алууга өзгөчө кызыгуусу байкалууда.
Ата мекендик туроператорлордун атайын сунуштары тууралуу маалымат жарыялангандан кийин кайрылуулардын саны өстү. Шаар тургундары турлардын багыттарын, программаларын тактап, сапардын шарттарына кызыгып, үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери менен эс алуу үчүн эң ылайыктуу варианттарды ээлеп жатышат.
Мисалы, буга чейин туроператорлорго күнүнө орточо 200гө жакын кайрылуу түшсө, учурда чалуулардын жана суроо-талаптардын саны күнүнө 500дөн ашууда. Башкача айтканда, туристтик сунуштарга болгон кызыгуу эки эседен ашты.
Каралып жаткан варианттардын арасында Кыргызстан боюнча саякаттар, коңшу өлкөлөргө чыгуу, экскурсиялык программалар, ошондой эле топтук жана жамааттык сапарлар бар. Туроператорлор 25-августтан 10-сентябрга чейинки мезгилге сапарларга билдирмелерди кабыл алууну улантууда.
Дем алыш күндөрү жакындар менен көп убакыт өткөрүүгө, көнүмүш чөйрөнү алмаштырууга жана жаңы жерлерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен бирге уюштурулган саякат каттамды, программаны жана эс алуунун ылайыктуу форматын алдын ала тандоого шарт түзөт.
Бишкек шаарынын мэриясы сунушталган туристтик каттамдардан пайдаланууну сунуштайт, анткени Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары -2026 өткөрүлүүчү мезгилде борбор калаанын негизги көчөлөрүндө жол тыгындары жана кыймылга чектөөлөр күтүлүүдө.
Муниципалитеттуроператорлордун сунуштарына жана суроо-талап жогору болгон багыттарга саерсеп салууну улантат. 25-августтан 10-сентябрга чейинки мезгилде бир катар ата мекендик туристтик компаниялар тарабынан уюштурулган турларга жана экскурсиялык программаларга 15%га чейинки арзандатуулар менен атайын шарттарды сунуштайт.
Төмөнкү туроператорлор акциянын алкагында саякаттарга атайын сунуштарды жана арзандатууларды сунуштап жатышат:
* Pro Travel — байланыш телефон номери: +996 555 691 020, +996 507 030 987; Instagram: @protravel.kgz
* Askunai Tour — байланыш телефон номери: +996 507 600 018, +996 708 540 356; Instagram: @askunay_tour
* Ulush Travel LLC — байланыш телефон номери: +996 501 052 051; Instagram: @ulush_travel
* Kapriz Travel — байланыш телефон номери: +996 508 100 210; Instagram: @kapriz_travel
* PEGAS Trip — байланыш телефон номери: +996 504 160 623; Instagram: @pegas_trip
* Di Travel kg — байланыш телефон номери: +996 704 000 029; Instagram: @di_travel_kg
* Kyrgyzworld — байланыш телефон номери: +996 557 204 065; Instagram: @kyrgyzworld_trip
* Fun Travels — байланыш телефон номери: +996 502 402 060; Instagram: @fun_travells
* Nomad Spirit — байланыш телефон номери: +996 702 040 218; Instagram: @nomadspirit.kg
* Trekkingunion.kg — байланыш телефон номери:+996 556 101 933; Instagram: @Trekkingunion.kg.
Атайын сунуштардын шарттары, туристтик багыттар жана турларга катталуу боюнча толук маалымат алуу үчүн жарандар түздөн-түз көрсөтүлгөн туроператорлорго кайрыла алышат.