“Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы Чыгыш-5 кичи районунда светофордук объекттин иштөөсүндөгү мүчүлүштүк боюнча кайрадан кайрылуу түшкөнүн маалымдайт.
Буга чейин, 10-августта, ишкананын адистери кайрылуунун негизинде жеринде иш алып барып, зарыл болгон иштерди жүргүзүшкөн. Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө жабдуунун туура эмес иштеп жатканы аныкталган. Буга байланыштуу контроллер алмаштырылып, тиешелүү жөндөө иштери жүргүзүлгөн.
Учурда светофордук объект штаттык режимде иштеп, сигналдын белгиленген иштөө убактысы 28 секундду түзүүдө.
Кошумча текшерүүнүн жүрүшүндө жөө адамдар үчүн орнотулган мамычага жакын жерде кабель бузулганы аныкталды. Учурда ишкананын адистери кабелдик линияны калыбына келтирүү боюнча зарыл болгон оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Жөө адамдар үчүн бир мамычанын убактылуу өчүрүлгөнүнө карабастан, светофордук объект жалпы жонунан штаттык режимде ишин улантууда.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин бузулган мамыча жакын арада толугу менен калыбына келтирилет.