Бүгүн, 2026-жылдын 11-августунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №151 контурда жайгашкан жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолукту.

Жолугушууга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери катышты.

Жарандар өздөрүнө таандык жер тилкелерине турак жай куруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Борбор калаанын мэри жер тилкелерин алып коюу жана жарандардын колундагы жерге болгон мамлекеттик актыларды жараксыз деп таануу маселеси каралбай турганын белгиледи.

«Эч ким сиздердин жер тилкелериңиздерге өзүнө алып алайын  деген жок. Жерге болгон мамлекеттик актыларыңызды алып коюу боюнча эч кандай планыбыз жок. Жер тилкелеринин функционалдык багытын жана пайдаланылышын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо зарыл», — деди мэр.

Ошол эле учурда №151 контурда жайгашкан жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге кирери белгиленди. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планында аталган аймак үчүн функционалдык зоналаштыруу аныкталган эмес. Буга байланыштуу жер тилкелеринин учурдагы максаттуу багыты аларда турак жай курууга мүмкүндүк бербейт.

Мэр жарандарга аталган аймактын функционалдык зоналаштырылышын белгилөө маселесин кароону жана мындан ары жер тилкелерин мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууну сунуштады.

Ошондой эле борбор калаанын башчысы бул аймакта функционалдык зоналаштырууну белгилөө маселеси каралып жаткан учурда көп батирлүү турак жайларды куруу мүмкүнчүлүгүн да эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы  башкармалыгына аталган аймактарда функционалдык зоналаштырууну белгилөө боюнча сунуштарды киргизүү маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Борбор калаанын мэри тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин жарандар өз алдынча жана уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүдөн баш тартышы керектигин баса белгиледи. Мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөн учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.