2026-жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Рухий-Мурас» конушунун тургуну менен жолугуп, жер тилкесине байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн карады.

2006-жылы жаранга жер тилкесин берүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал аталган документтин негизинде жерге болгон укугун мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, каттоодон өткөрө алган эмес.

Кийинчерээк бул жер тилкеси үчүнчү жактар тарабынан беш жолу кайра сатылып, натыйжада ага болгон укуктар боюнча талаш жаралган. Учурда аталган маселе боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кырдаалдын жагдайларын коңшу үйлөрдүн жашоочулары да ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө сунушталган документтер жана келип чыккан талаштын жагдайлары каралды. Талкууга укук коргоо органдарынын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана коңшу үйлөрдүн жашоочулары катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга сунушталган документтерди кылдат изилдеп чыгып, жер тилкесин мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштуруу маселесин кароону тапшырды. Ал эми укук коргоо органдарына өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүү милдети жүктөлдү.