2026-жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы социалдык объектилердин жана жол инфратүзүмүнүн курулушу менен реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Шаар башчысы «Ак-Тилек» конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө салынып жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда объектте от казанын куруу, ошондой эле бала бакчанын жаңы имаратында ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Андан соң мэр Анкара көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып «Рухий-Мурас» конушундагы 8-көчөгө чейинки бөлүгүндө курулуп жаткан тротуардын курулушун текшерди. Тротуардын жалпы узундугу 1 чакырымды түзөт.

Ошондой эле шаар башчысы «Кара-Жыгач» конушундагы Шаты көчөсүнүн Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан жол курулушун текшерди. Жол тилкесинин узундугу 616 метрди, унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына жалпы узундугу 924 метр болгон тротуар  куруу каралган.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Куланов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан заманбап футбол комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги стадион 6 700 көрүүчүгө ылайыкталып, FIFAнын III категориясынын талаптарына жооп берет. Комплекстин курамына мындан тышкары 9 машыгуу талаасы жана 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай кирет.

«Көк-Жар» конушунда мэр Күмүшалиева көчөсүндөгү жолдун курулушун текшерди. Жол тилкесинин узундугу 300 метрден ашат, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 8 метрди түзөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы заманбап маданий борбордун курулушу менен да таанышты. Үч кабаттуу имаратта унаа токтотуучу жайлар каралган. Борбордо музыкалык жана театралдык класстар, көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу жайлар болот.

Мындан сырткары, мэр №69 орто мектепте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерин текшерди. Учурда объектте демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарды шыбоо жана бөлмөлөрдү шыбак төшөөгө даярдоо иштери  жүргүзүлүүдө. Имараттын фасадында жылуулоо жана андан кийинки жасалгалоо иштери аткарылууда.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жооптуу кызматтарга ар бир объектте аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жол инфратүзүмүн  өнүктүрүүгө гана эмес, ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.