2026-жылдын 11-августунда Ленин районунун аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарын сактоо, ошондой эле башаламан жайгаштырылган электр жана интернет кабелдерин иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Чүй проспектисинин Павлов, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиева көчөлөрү менен кесилишкен тилкелеринде, ошондой эле Манас көчөсүнөн (мурдагы Ю. Фучик көчөсү) Иманалы Айдарбеков көчөсүнө (мурдагы Жаш Гвардия  бульвары) чейинки аралыкта ишкердик субъекттери тарабынан өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн аймактардын көрктөндүрүлүшүн жана санитардык абалын жакшыртуу максатында башаламан жайгаштырылган кабелдер менен зымдарды жыйноо жана иретке келтирүү иштери аткарылды.

Ошондой эле ишкердик субъекттери тарабынан өздөрүнө тиешелүү аймактардын айланасын тазалоо жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, коомдук тартипти камсыз кылууга, санитардык тазалыкты сактоого жана тышкы жарнамаларды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарын аткарууга багытталган.

Өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо, кабелдик тармактарды иретке келтирүү жана шаар аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.