«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчө-жол тармагын оңдоо жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштерди улантууда.
Ишкананын негизги багыттары — унаа жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларды капиталдык оңдоо, унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү, сугат тармактарын куруу жана оңдоо, ошондой эле коомдук жайларды көрктөндүрүү.
Учурда төмөнкү көчөлөрдө курулуш иштери аяктады:
Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейинки аралыкта жол жана анын эки тарабындагы тротуарлар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармактар орнотулду. Узундугу — 200 метр;
Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жол жана анын эки тарабындагы тротуарлар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармактар орнотулду. Узундугу — 750 метр;
«Алтын-Ордо» конушу, Кадырбай-Ата көчөсүнөн Кадыра-Ата көчөсүнө чейинки аралыкта жолдун түндүк тарабындагы тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 500 метр;
Мессарош көчөсү — Профсоюзная көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейинки аралыкта жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 500 метр;
Аска-Таш көчөсү — Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки аралыкта жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 820 метр;
Аталышы жок көчө — Архитектурная көчөсүнөн Чүй көчөсү, 16 дарегине чейинки аралыкта жол жана анын бир тарабындагы тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 560 метр;
Москва көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки аралыкта жолдун түндүк тарабындагы тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 630 метр;
Широкая көчөсү — Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки аралыкта жол жана анын эки тарабындагы тротуарлар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармактар орнотулду. Узундугу — 650 метр;
Жибек Жолу проспектиси — К. Датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки аралыкта тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 320 метр;
7-кичи район — №16а/3 үйдөн №16а үйгө чейинки аралыкта тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 100 метр;
Көк-Жар кичи району — №22/4 үйдөн №23/2 үйгө чейинки аралыкта тротуар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ирригациялык тармак орнотулду. Узундугу — 80 метр.
Жыйынтыгында, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы унаа жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр үчүн инфраструктураны комплекстүү жаңылоону жүргүзүүдө. Ирригациялык тармактардын орнотулушу жол боюндагы аймактарды жана жашыл зоналарды талаптагыдай кармоого шарт түзөт.
Борбор калаанын көчө-жол тармагын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.


