Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде департаменттин директору Ж.А. Орозалиевдин жетекчилиги алдында коллегиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык маселелери, ошондой эле борбор калаанын билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер каралды.
Коллегиянын жүрүшүндө көзөмөлдөө-методикалык иштердин жыйынтыктары, 2025–2026-окуу жылында жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугу, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын аткарылышы, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу, ошондой эле билим берүү уюмдарында коррупциянын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Жыйында жаңы 2026–2027-окуу жылына билим берүү уюмдарын даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Шаардагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, көйгөйлүү маселелер жана зарыл болгон иштерди аяктоо мөөнөттөрү талкууланды.
Райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери өз райондорундагы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылын баштоого даярдыгы тууралуу маалымат беришип, учурдагы милдеттерди жана окуучулар менен тарбиялануучулар үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгилешти.
Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча тиешелүү талкуулар жүргүзүлүп, учурдагы көйгөйлөр аныкталып, мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттары жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.
Жыйындын соңунда Бишкек шаарындагы билим берүү тармагын туруктуу, натыйжалуу жана сапаттуу ишин камсыз кылууга багытталган учурдагы жана уюштуруу маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгы менен жооптуу түзүмдүк бөлүмдөргө жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине тиешелүү милдеттер жүктөлүп, ишти мындан ары өркүндөтүү жана борбор калаанын билим берүү тармагын жаңы окуу жылына талаптагыдай даярдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.





