Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында муниципалитеттин борбордук аппараты тарабынан уюштурулган кеңешме болуп өттү.

Иш-чарага аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында эл аралык маанидеги ири иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери талкууланды.

Ишкердик субъекттери менен өз ара аракеттенүүдө мыйзам талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чараларды өткөрүүнү шылтоо кылып, ишкерлерге мыйзамда каралбаган талаптарды коюуга, аларды оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мажбурлоого, ошондой эле акча каражаттарын талап кылууга же чогултууга жол берилбестиги белгиленди.

Кызматтык абалынан пайдаланып ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүү, материалдык пайда талап кылуу же мыйзамдуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактылары аныкталган учурда, аларга тиешелүү укуктук баа берилери баса белгиленди. Мындай фактылар аныкталса, бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Жыйындын жыйынтыгы менен жетекчилерге карамагындагы кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамсыз талаптарга жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин жана берилген тапшырмалардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Коррупцияга каршы күрөшүү, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы коррупциялык укук бузуулар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышы жана мыйзамдарды бузуунун башка фактылары аныкталган учурда, тиешелүү катуу чаралар көрүлөрүн жана бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн эскертет.