Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жайкы кечелерди жагымдуу маанайда өткөрүүгө  чакырат.

2026-жылдын 14-жана 15-августунда Ала-Тоо аянтындагы фонтандар комплексинин жанында ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт.

Белгилей кетсек, шаар тургундары жана коноктору үчүн эстрада ырчыларынын катышуусундагы  музыкалык программа даярдалган.