2026-жылдын 12-августунда Свердлов районунун аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына (БЧК) чейинки тилкесинде, чыгыш тарабында, колдонуудагы талаптарды бузуу менен өз алдынча орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды.
Урматтуу ишкерлер жана мүлк ээлери!
Жарнама конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугун алдын ала текшерип, объекттердин сырткы жасалгасын бекитилген талаптарга ылайык келтирүүгө чакырабыз.
Шаардын бардык райондорунда өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери туруктуу негизде улантылууда.







