Чыңгыз Айтматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчө жарыктандыруу системасын жаңыртуу иштери аяктады.

Долбоордун алкагында аталган тилкеге бийиктиги 12 метр болгон 277 архитектуралык-дизайнердик тирөөч жана кубаттуулугу 200 Вт болгон 554 заманбап, энергияны үнөмдөөчү LED-чырактар орнотулду.

Жарыктандыруу системасынын жаңыланышы борбор калаанын негизги каттамдарынын биринде жолдун көрүнүшүн жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.

Мындан тышкары, заманбап LED-чырактарды колдонуу системанын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатып, электр энергиясынын чыгымын азайтууга мүмкүндүк берет.