Шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Иманалиев көчөсүнүн 2,5 чакырымдык тилкесинде жолдун жүрүүчү бөлүгүн жана тротуарды кеңейтүү иштери аткарылууда.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан кеңейтилүүчү аймакта жайгашкан объектилердин ээлерине тиешелүү эскертмелер берилди. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн аймакты бошотуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган тилкеде жалпысынан 111 объект жолду кеңейтүү иштеринин аймагына кирери аныкталган. Алардын арасында тосмолор, ар кандай курулуштар жана гараждар бар. Бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштеринен жана эскертмелер тапшырылгандан кийин 70 объекттин ээси аларды өз ыктыяры менен демонтаждады.
Мындан тышкары, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсүндө жаңы тротуар төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу башкармалык тарабынан 18 үйдүн аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча орнотулган объектилерден жана тосмолордон бошотуу иштери аткарылды.
Демонтаждалган тосмолордун жана объектилердин жалпы аянты 804 чарчы метрди түздү.






