2026-жылдын 13-августунда Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.
Оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы подряддык уюму аткарды.
Иш-чарага Ленин районунун акиминин орун басары Жоомарт Токтосунов жана жергиликтүү тургундар катышты. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдун асфальт-бетон жабуусу жаңыланып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул көчөнүн абалын жакшыртып, тургундар жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга шарт түзөт.
Краснодар көчөсүнүн жаңыланышы Ленин районунда жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.





