VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясы Бишкек Арена стадионунда өтөрүнө байланыштуу, 2026-жылдын 16-августунда саат 11:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Убактылуу чектөөлөр төмөнкү тилкелерде колдонулат:

* Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыкта;
* Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө (мурунку Муромская көчөсү) чейинки аралыкта;
* Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки аралыкта.

Чектөөлөр иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле ачылыш аземинин репетициясын тоскоолдуксуз өткөрүү максатында киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан жана борбор калаанын конокторунан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап, жол кырдаалындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз жана ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.