Бишкек шаарында 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата атайын фан-зоналар уюштурулат. Анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин, ошондой эле эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.
Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында болот. Мындан тышкары, шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн Бишкектин төрт районунун баарында фан-зоналар уюштурулат.
ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:
Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр;
Д. Асанов атындагы парк.
ЛЕНИН РАЙОНУ:
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери.
БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:
Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.
СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:
Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплекси;
Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектеп;
Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.
Белгилей кетсек, бардык аянтчаларда 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрсөтүү үчүн LED-экрандар орнотулат.
Түз эфир башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Мындан тышкары, аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.
Ошондой эле коноктор үчүн улуттук оюндарга — тогуз коргоол, чүкө, беш таш жана башка интерактивдүү программа даярдалат.
Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өткөрүлө турган күн жакындаганда кошумча жарыяланат.