Бишкек шаарында 2026-жылдын 15-августунда саат 14:55 чамасында Чүй проспекти 166/1 дарегиндеги курулуш объектинде курулуш материалы күйүп, өрт катталган.

Окуя болгон жерге өрткө каршы-куткаруу кызматынын бөлүмдөрү ыкчам түрдө келишти. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн  материалдар мындан аркы териштирүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.