Бишкек шаарынын мэриясы Жибек Жолу проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада орун алган дарак боюнча шаар тургундарынын тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алат.

Белгилей кетсек, бул жер тилкеси ижарага берилген. Ижарачы тарабынан пандус куруу жумуштары жүргүзүлүп жатканда даракка зыян келтирилген.

Учурда дарактын түбү бетондон тазаланды. Аялдама аймагын тийиштүү абалга келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.

Бул факты боюнча Муниципалдык инспекция тарабынан протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык айып пул салынды.

Кетирилген мыйзам бузууга байланыштуу ижара келишими токтотулат, ал эми подрядчы ак ниетсиз аткаруучулардын тиешелүү тизмесине киргизилет