Бишкек шаарынын мэриясы мэриянын ишине берилген баалоо индекси 24,6 баллды түзгөн деген маалымат туура эмес экенин белгилөөнү зарыл деп эсептейт.

24,6 балл — бул мэриянын ишине берилген баа эмес. Бул Бишкек шаары боюнча жалпы 29 министрлик жана ведомствонун көрсөткүчтөрүнүн орточо баллы.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы 44,4 балл алып, 29 мамлекеттик органдын ичинен 2-орунду ээлеген.