Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин күндөрүндө борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн фан-зоналар  уюштурулат. Фан-зоналардан  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирден көрүүгө болот.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында иштейт. Мындан тышкары, түз эфирлерди көрүү үчүн борбор калаанын төрт районунда тең атайын аянтчалар уюштурулат.

Октябрь району:
Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр;
Д. Асанов атындагы парк.

Ленин району:
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө  конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери.

Биринчи Май району:
Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.

Свердлов району:
«Алга» спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
№66 орто мектеп — Чыгыш-5 кичи району, 1а;
№21 орто мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1.

Бардык аянтчаларда LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын  ачылыш аземи жана ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз эфирлер башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.

Коноктор үчүн улуттук оюндар — тогуз коргоол, чүкө жана беш таш боюнча интерактивдүү программа да даярдалды.

Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2026 жана ШКУ саммити өткөрүлө турган күндөр жакындаганда кошумча берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чараларга катышып, дүйнөлүк маанидеги бул тарыхый окуялардын бир бөлүгү болууга чакырат.