Бишкек шаарында шаардык инфраструктураны жаңылоо, транспорт системасын өнүктүрүү, шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган бир катар ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Алардын катарында көчө-жол тармагын өнүктүрүү жана транспорттук жол түйүндөрүн куруу долбоорлору бар. «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү» долбоорлорунун алкагында Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоо жана үч транспорттук жол түйүнүн куруу каралган. Бул долбоорлор боюнча гранттык каржылоонун көлөмү 32,6 млн АКШ долларын түзөт. Долбоорлорду ишке ашыруу шаардын транспорттук байланышын жакшыртып, жол тармагынын айрым тилкелеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири — катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 95 млн АКШ долларын түзөт. Ишкана суткасына 1 000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген, анын кубаттуулугун 1 200 тоннага чейин жогорулатууга жана 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күндө 80 жумуш орду түзүлдү. 2026-жылдын июль айында долбоордун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында капсула салуу аземи өткөрүлдү. Экинчи этапта суткасына 2 000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө жөндөмдүү кошумча объект куруу каралган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. Инвестициянын көлөмү 56 млн АКШ долларын түзөт. Иштер аяктагандан кийин саркынды сууларды тазалоонун жалпы кубаттуулугу суткасына 500 миң куб метрге чейин жетет.

Борбор калаада «Ак-Кула» ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс куруу долбоору да ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык көлөмү 300 млн АКШ долларынан ашат. Учурда курулуш жана аймакты көрктөндүрүү иштери башталган.

Ошондой эле «Бишкек-Сити» көп функционалдуу комплексинин долбоору «Туран Сити» компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоорго 300 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Долбоор заманбап шаардык жана коомдук инфраструктуранын объектилерин түзүүнү көздөйт.

Мындан тышкары, инвестициянын көлөмү 1 млрд 200 млн сомду түзгөн «Оптима» турак жай комплексинин долбоору иштелип чыккан. Долбоордун алкагында турак жайлар, парк, эс алуу зоналары, ошондой эле билим берүү жана маданий инфраструктура объектилерин түзүү каралган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкек шаарында теннис боюнча эки спорт комплексин реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда. Долбоорлорго жалпы инвестициянын көлөмү 440 млн сомдон ашат. Алар заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүүгө, ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу борбор калаанын экономикасына капитал тартууга, транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы коомдук мейкиндиктерди түзүүгө жана кошумча жумуш орундарын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда долбоорлордун олуттуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгегин тартуу каралып, бул калкты иш менен камсыз кылуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Инвестициялык активдүүлүк Бишкектин экономикалык өнүгүүсүнө, шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга жана заманбап, ыңгайлуу жана туруктуу шаардык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.