Бүгүн, 2026-жылдын 18-августунда, борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, шаарды Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдоо, жаңы окуу жылын баштоого, ошондой эле 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери каралды.

Комиссиянын ишине мэрдин орун басарлары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт райондук администрациянын башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жыйынтыгында шаар тургундарынын, борбор калаанын конокторунун жана расмий делегациялардын өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кошумча чаралардын комплекси аныкталды.

Тактап айтканда, төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- 2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрында расмий делегациялардын жүрүү маршруттарында жайгашкан соода борборлорунун ишин убактылуу токтотуу: ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1», «Беш Сары Сити»;
- 31-августта (санитардык күн), ошондой эле 1 жана 2-сентябрда «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарларынын жана соода объектилеринин ишин убактылуу токтотуу; 31-августта жана 1-сентябрда «Орто-Сай» базарынын ишин убактылуу токтотуу;
-29-августта саат 15:00дөн баштап төмөнкү даректердеги жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жабуу: Ч.Айтматов проспектиси жана М.Горький көчөсү, Чүй проспектиси жана Манас проспектиси (азыркы Ч.Айтматов проспектиси), Манас айылы - Васильев тракты (азыркы Манас көчөсү), Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү (Old Bishkek).
-төрт административдик райондун башчыларына расмий делегациялар өтүүчү маршруттарда жайгашкан кошумча соода түйүндөрүн аныктап, алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу;
-31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу укук коргоо органдары эл көп чогулган жерлерде коопсуздукту камсыз кыышсын, ал эми Муниципалдык инспекция башаламан сооданын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
- шаардын ар кайсы райондорунда уюштурулган 12 фан-зонада коопсуздукту камсыз кылуу жана шаардык кызматтардын ишин күчөтүү;
- шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторунун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ыңгайлуу жана коопсуз жетүүсү үчүн шаардагы 21 багытта шаттл-автобустардын ишин уюштуруу;
- эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү коомдук транспорттун колдонуудагы маршруттарга ылайык үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
- «Бишкек ЖЭБ», «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларын жана «Бишкекгаз» газ кызматын күчөтүлгөн иш режимине өткөрүү;
- жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү: билим берүү мекемелеринин жанындагы зарыл болгон жол белгилерин орнотуу жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү белгилөө, кооптуу учурларда колдонулуучу «тревога» баскычтарынын жана видеобайкоо системаларынын ишке жарамдуулугун текшерүү;
- 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине шаардык кызматтарды жана инфраструктура объектилерин өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көрүлүп жаткан бардык чаралар биринчи кезекте шаар тургундарынын, борбор калаанын конокторунун жана расмий делегациялардын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.