Бишкек шаарында 2026-жылдын 31-августунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш күнүндө шаар тургундары жана меймандары үчүн фан-зоналар уюштурулат. Бул жайларда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрүүгө болот.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, түз эфирлерди көрүү үчүн борбор калаанын төрт районунда тең атайын аянтчалар уюштурулат.

Октябрь району:
Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркынын амфитеатры.
Белгилей кетсек, шаардагы аянтчаларды жайгаштыруу схемасын оптималдаштырууга байланыштуу учурда Д. Асанов атындагы паркта фан-зона уюштуруу каралган эмес.


Ленин району:
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө  конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери.


Биринчи май району:
Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.


Свердлов району:
«Алга» спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
№66 орто мектеп — Восток-5 кичи району, 1а;
№21 орто мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1.


Бардык фан-зоналарга  LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары түз эфирде көрсөтүлөт.
Түз эфирлер башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар тартууланат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.

Коноктор үчүн улуттук оюндардан — тогуз коргоол, чүкө жана беш таштан — турган интерактивдүү программа да даярдалат.

Фан-зоналардын иштөө убактысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити жакындаганда кошумча жарыяланат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын майрамдык иш-чараларга катышып, маанилүү эл аралык окуялардын бир бөлүгү болууга чакырат.