2026-жылдын 31 -августунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Бишкек Аренага» жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.
Шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт.
Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
11. Алтымышев көчсөсү, 98/1;
12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
19. Гагарин көчөсү, 284 - Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев көчөсү, 16.
Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт.
Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен «Менин шаарым» («Мой город») мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.
Урматтуу шаар тургундары!
Шаттл-автобустарды оптималдуу пайдалануу үчүн иш-чара аяктагандан кийин, «Бишкек Аренага» келген каттам боюнча кайра кайтууну сунуштайбыз.