2026-жылдын 13–15-август күндөрү Москва шаарында самбо боюнча эл аралык турнир өттү.
Спорттук күрөш боюнча ОРАБӨСМнин тарбиялануучулары мелдеште Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, төрт байгелүү орунга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгында:
Кубаныч уулу Адилет — 2-орун (71 кг чейинки салмакта);
Жакшылыков Байэл — 3-орун (79 кг чейинки салмакта);
Ворошилин Никита — 3-орун (98 кг чейинки салмакта);
Сухинин Илья — 3-орун (98 кгдан жогорку салмакта).



