19-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө «Дордой» базарына барып, жол инфраструктурасын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткарылган иштерди жеринен текшерди.
Реконструкциянын экинчи этабынын алкагында бир катар тилкелердеги иштер толугу менен аяктап, алар унаа кыймылы үчүн ачылды:
Свободная көчөсү — Тульская көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки бөлүгү. Узундугу 640 метр болгон жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлдү;
Кожевенная көчөсү — Түндүк айланма жолунан Келечек-9 көчөсүнө чейинки бөлүгү. Узундугу 450 метр;
Келечек-9 көчөсү — Кожевенная көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Узундугу 320 метр.
Аталган тилкелерде жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди. Ошондой эле жол инфраструктурасы, анын ичинде жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык системалар курулду.
Башка тилкелерде иштер уланууда. Алдыдагы 10 күндүн ичинде Кожевенная көчөсүнөн Чымкент көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсүн, ошондой эле Безымянная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки Чымкент көчөсүн унаа кыймылы үчүн ачуу пландалууда.
Элебесов көчөсүндө Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкеде иштер жүргүзүлүүдө. Бул тилкедеги иштер суу түтүктөрүн жана канализациялык түтүктөрдү тартуу иштерине байланыштуу созулууда.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга аткарылып жаткан иштердин сапатын талаптагыдай камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды.










