2026-жылдын 20-августунда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү району: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Манас проспектиси (азыркы - Ч.Айтматов проспектиси) Ж. Жолу проспектисинен Ала-Арча суусуна чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.
Диаметри 325 мм болгон жылуулук тармактарынын суу түтүгүн көчүрүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу cуу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
